Казакстанда бир жылдын ичинде (2021-жылдын июнь айынан 2022-жылдын июнуна чейин) экинчи колдонуудагы турак жайдын баасы 26,8%, жаңы турак жайларды сатуу 19,5% өстү. Бул тууралуу өлкөнүн Улуттук статистика бюросу билдирди.
Мекеменин маалыматына караганда, шарттары бар турак жайдын ижара акысы өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 21% жогорулады.
Бир жыл ичинде жаңы турак жайлардын баасы эң көп Нур-Султанда (27,9%) өскөн. Экинчи колдонуудагы үйлөрдүн кымбатташы боюнча Кызылордо шаары лидер болсо (46,7%), турак жай ижарасынын баасы баарынан да Алматыда (48,3%) көп жогорулаган.
Казакстанда өткөн жылдан бери товарлардын жана кызматтардын баалары өсүүдө. Турак жайлардан тышкары күнүмдүк керектөөдө зарыл болгон товарлар да кымбаттоодо. Расмий маалыматтарга ылайык, жыл башынан бери өлкөдө азык-түлүк менен товарлардын баасы 20% жогорулады. Баасы көтөрүлгөнүнө байланыштуу кумшекерди сатууда чектөөлөр киргизилген.
Мындан тышкары Казакстанда инфляциянын өсүүсү да уланууда. Июнда өкмөт май айынын жыйынтыгы менен жылдык инфляция 14% түзүп, азык-түлүк инфляциясы 19% жеткенин билдирген.
Ошол эле маалда өлкөнүн Улуттук банкы 2022-жылдын аягына чейин инфляция 13–15% айланасында болот деп болжолдоодо.