Караганды облусунда полиция кызматкерлери үч адамдга кол салган карышкырды жок кылышты. Бул тууралуу облустук полиция департаментинин басма сөз кызматы билдирди.
Окуя 21-декабрда таңга маал шаардын четинде болгон. Карышкыр жабырлануучулардын бирин бир нече жолу тиштеген, экинчиси колунан жаракат алган. Облустук саламаттык сактоо башкармалыгы билдиргендей, жабыркагандар кутурмага каршы дары алып, үйлөрүнө чыгарылып, учурда амбулатордук дарыланууда.
Маалыматка караганда, жабыркагандардын бири баласын мектепке алып барып, үйүнө кайтып келе жатканда карышкыр кол салган. Полициячы жырткычка тап берип, ал качып кетүүгө үлгүргөн.
Жалпысынан ооруканага үч адам кайрылган. Карышкыр иттерге жана малга да кол салганы такталып жатат.