• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Казакстанда электр энергиясы үчүн тарифтер жогорулайт

26 Чын куран 2023 17:35 Бишкек Govori.TV

Казакстанда жай айларында калк үчүн электр энергиясынын баасы жогорулайт. Бул тууралуу өлкөнүн улуттук экономика министри Алибек Куантыров билдирди.

«Калк үчүн тарифтер жайында жогорулайт деп күтүлүүдө. Бирок биз муну акырындык менен ишке ашырабыз. Тарифтер калкка ылайыктуу болушу керек», – деди министр.

Анын айтымында, тарифтерди болжол менен июнь-июль айларында энерго өндүрүүчү уюмдардын эсебинен жогорулатуу пландалууда.

Ошол эле маалда министр тарифтер канча пайызга көтөрүлөрүн тактап айткан жок. «Тарифтер аймактарга жараша болот. Экибастузда 108 пайызга жогорулатуу жөнүндө айтып жатышат. Биз андайга барбайбыз. Талкуулап, тарифтер калк үчүн ылайыктуу болгудай иш алып барабыз», – деди Куантыров.

Министр тарифтерди эскилиги жеткен түйүндөрдү модернизациялап, бул тармакта иштеген жумушчулардын айлыктарын көтөрүү үчүн жогорулатуу пландап жатканын айтты.

«Бирок жылуулук түйүндөрүн модернизациялоо маселеси тарифтер аркылуу гана чечилбейт. Мында инвестиция менен жоопкерчиликтин бир бөлүгү жылуулук түйүндөрүнүн ээлерине, калганы бюджетке жүктөлүүдө», – деди Куантыров.

Казакстан бийлиги жылуулук үчүн да тарифтерди жогорулатууга ниеттенүүдө. Апрелдин ортосунда президент Касым-Жомарт Токаев аймактардагы Жылуулук электр борборлору (ЖЭБ) жөнүндө айтып жатып, жылуулук үчүн тарифтерди көтөрүү зарыл экенин билдирген.

Количество просмотров: 57