• Жекшемби 5 Бугу 2024
  • Воскресенье 5 Май 2024

Казакстанда камактагы журналист ачкачылыгын токтотту

13 Кулжа 2023 9:06 Бишкек Govori.TV

“Тынч жыйындар жөнүндө мыйзамды бузду” деген айып менен 25 суткага камакка алынган журналист Думан Мухаметкарим ачкачылык акциясын токтотту. Бул тууралуу “Азаттыктын” казак кызматы жазды.

«Анын бардык талаптары чындыгында аткарылып жатат. Коом Думандан ачкачылыкты токтотууну суранды. Элдин пикирин угам деди. Бүгүн ал ачкачылыгын токтотту, — деп билдиргенадвокат Нурпейисов.

12-июнь күнү эртең менен жактоочу Мухаметкаримдин ден соолугу начарлап кеткенин, дем алыш күнү эки жолу тез жардам чакырып, эркинен ажыратуу өкүмүн айып пулга алмаштырууну суранганын билдирген.

Думан Мухаметкарим бүгүн, 13-июнда ооруканага барып, текшерүүдөн өтөт. Анализдин жыйынтыгы менен журналистке карата жазаны алмаштыруу чечими кабыл алынат.

Думан Мухаметкарим кармалган күнү, 28-майда ачкачылык жарыялап, полиция ага каршы күч колдонгонун билдирген. Ал камалышын мыйзамсыз деп эсептейт. Адвокаттын айтымында, полиция журналисттин арызы боюнча иликтөө жүрүп жатканын билдирген.

Жыл башынан бери Мухаметкарим үчүнчү жолу кармалды.

Акыркы айларда Казакстанда президент менен өкмөттүн саясатын ачык сындаган ондон ашык активист куугунтукка алынды. Акорда саясий туткундардын бар экенин жана саясий негизде куугунтуктоолор болуп жатканын четке кагууда.

Количество просмотров: 44