• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Казакстанда камактагы журналист ачкачылык жарыялады

4 Жалган куран 2024 10:38 Бишкек Govori.TV

Казакстанда камактагы журналист жана жарандык активист Думан Мухаммедкарим үч күндөн бери ачкачылык кармоодо. Бул тууралуу анын адвокаты Галым Нурпеисов билдирди.

«1-мартта Талдыкоргондогу тергөө абагына барып, Думан менен жолугуп чыктым. Ал полициянын кыйноосуна кабылганы боюнча жазган арызын тез арада текшерип, күнөөлүүлөрдү жоопко тартууну, ошондой эле өзүнүн иши боюнча сотту ачык өткөрүүнү талап кылууда», – деди адвокат.

Мухаммедкаримдин апасы Калимаш Рымбеккызы да 1-мартта Талдыкоргонго барып, уулуна жолугуп келгенин билдирди.

«Уулумду өз көзүм менен көрүп келдим. Арыктап, сөөгү эле калыптыр. Аны Конаев шаарындагы соттон Талдыкоргонго чейин люгу ачык автоунаа менен жеткиришкен. Мындан улам ал ооруп калып, ага тамчылатма ийне сайылган. Кийин ачкачылык жарыялаган», – деп билдирди Рымбеккызы «Азаттыктын» казак кызматына.

22-февралда Думан Мухаммедкарим өзүнүн иши боюнча ачык сот процессин талап кылып, ачкачылык жарыялай турганын билдирген. Буга чейинки отурумда судья сот отурумдарын жабык өткөрүү тууралуу прокурордун өтүнүчүн канааттандырган. Журналист жана анын тарапташтары бул чечимге каршы экендиктерин билдиришкен.

Өткөн жылдын июнь айынан бери камакта отурган журналист, активист жана Ne Deydi YouTube-каналынын автору Думан Мухамметкаримдин иши боюнча сот процесси 12-февралда башталган. Ага «Тыюу салынган уюмдун ишине аралашуу» жана «Экстремизмди каржылоо» беренелери боюнча айып тагылган. Буга журналисттин бозгундагы банкир Мухтар Аблязовдон алган маеги себеп болгон. Адвокаттын айтымында, видеодо Аблязовдун адвокаты үчүн акча топтолуп жаткан эсептер көрсөтүлгөн.

Мухаммедкарим айыптоолорду четке кагып, тергөөнүн жана соттун жүрүшүндө укуктары бузулганын билдирип келет. Эгер журналист бул беренелер боюнча күнөөлүү деп табылса тогуз жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Количество просмотров: 53