Казакстанда кармалган кыргызстандык Викрам Рузахуновдун окуясы боюнча тийиштүү иштер жүргүзүлүп жатат. Бул тууралуу Кыргызстандын Ички иштер министри билдирди.
Буга чейин Казакстандын күч органдары Кыргызстандын жараны делген адамдын видеосун жарыялаган. Видеодогу адам Алматыга митингге катышуу үчүн барганын, ал үчүн 90 миң теңге алмак экенин билдирген.
Кыргызстандагы социалдык тармактын колдонуучулары видеодогу адам музыкант Викрам Рузахунова экенин, ал байма-бай Казакстанга гастролдоп турарын жазышкан.
Кыргызстандын Ички иштер министрлиги Рузахуновдун туугандарына шилтеме берүү менен музыкант байма-бай Алматы шаарына гастролдоп барып жүргөнүн билдирди.
«Жаңы жылдын алдында аны Алматыга концерт коюуга чакырышкан. Ал 16-декабрда Казакстанга билет сатып алган жана 2-январда кечки саат 20:00дө Алматыга учуп кеткен.
Казакстанда Рузахуновдун тууганы жок, концерт коюу үчүн чакырышканынан, ошондой эле музыкалдык фестивалдарга катышуу үчүн гана Казакстанга барып жүргөн», — деп айтылат ИИМдин маалыматында.