• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Казакстанда кармалган кыргызстандык Викрам Рузахунов бошотулду

10 Үчтүн айы 2022 12:03 Бишкек Govori.TV

Казакстанда кармалган кыргызстандык музыкант Викрам Рузахунов бошотулду. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы тастыктады.

Маалыматка ылайык, Рузахунов кечээ бошотулган, бүгүн Бишкекке алынып келиши керек.

Ал эми Тышкы иштер министрлиги бул маалыматты жакын арада тактап, кененирээк маалымат берүүнү убада кылды.

Буга чейин Qazaqstan телеканалы «Башаламындык уюштуруу үчүн 90 миң теңгеге жалданып, Кыргызстандан келдим» деп айтып жаткан адамдын видеосун жарыялаган. Көп өтпөй ал видеодогу адам кыргызстандык музыкант Викрам Рузахунов экени аныкталган. Бул маселенин тегерегинде бир катар чырлуу кептер жаралган.

Ал эми УКМКнын төрагасы Ташиев биздин жаранды терроризмге айыптаганы туура эмес экенин айтып, Рузахуновду бошотууга болгон мүмкүнчүлүктү пайдаланарын билдирген болчу.

Количество просмотров: 7550