• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Казакстанда курал-жарак дүкөнүнүн ээси 4 адамдын өлүмү боюнча соттолду

2 Кулжа 2023 16:20 Бишкек Govori.TV

Костанайда төрт адамдын өмүрүн алган курал-жарак дүкөнүндөгү жарылуу боюнча сот өкүмү чыкты. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазды.

Өкүмгө ылайык, «Сатурн-2012» ишканасынын директору Сергей Бескровный беш жылга эркинен ажыратылды. Сот ал өрт коопсуздугунун эрежелерин сактабай, төрт адамдын өлүмүнө себеп болгонун билдирди.

Бескровный тагылган айыпты четке какты. Анын жактоочусу тергөө жарылуунун так себебин аныктай албаганын белгиледи. Соттун жүрүшүндө алар үчүнчү жак күнөөлүү болушу мүмкүн экенин билдиришти. «Костанайские новости» басылмасы билдиргендей, дүкөндүн директору «жардырууга жардыргыч зат себеп болушу мүмкүн» деген оюн айтты.

Бул иш сотто ушул жылдын январь айында карала баштаган.

Иштин материалдарына ылайык, 2022-жылдын 2-сентябрында Темиртау шаарынан жүк, анын ичинде 40 килограмм ок-дары келген. Эртеси жумушчулардын бири жүктү дүкөнгө жеткирген. Айыптоочу тараптын айтымында, 3-сентябрда Бескровный кызматкерин дүкөндүн жертөлөсүнө жөнөтүп, бир нече мүнөттөн кийин жарылуу болгон. Дүкөндүн жертөлөсүндө 40 килограмм ок-дары салынган куту жарылган.

Жарылуу жана өрттүн кесепетинен төрт адам каза болуп, дагы алты киши ар кандай жаракаттарды алганы маалымдалган. Жарылуу учурунда Бескровныйдын денесинин 50 пайызы күйүп, абалы оор болгондуктан Астанага медициналык авиация менен жеткирилгени да кабарланган. Жарылуунун натыйжасында жанаша жайгашкан бир кабаттуу имаратты жалын каптап, өрт 2000 чарчы метрден ашык аянтка жайылган. Расмий маалыматтар боюнча жарандардын мүлкүнө 491 миллион теңгеден ашык зыян келтирилген.

Количество просмотров: 77