• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Казакстанда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өтөт

1 Аяк оона 2022 13:40 Бишкек Govori.TV

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Казакстанда 2022-жылдын күзүндө мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо болорун жарыялады. Бул тууралуу казак басылмалары жазышты.

«Ушул күздө кезексиз президенттик шайлоо өткөрүүнү сунуштайм. Адилеттүү Казакстанды түзүү жолунда комплекстүү реформаларды ийгиликтүү ишке ашыруу үчүн элдин жаңы ишеним мандаты керек. Мен үчүн мамлекеттин кызыкчылыгы баарынан жогору турат. Ошондуктан мен президенттик мөөнөтүмдү кыскартып, мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоого барууга даярмын.

Ошондой эле президенттин ыйгарым укуктарынын санын жана мөөнөтүн кайра карап чыгуу зарыл. Мен президенттин мөөнөтүн 7 жылдык мөөнөт менен чектөөнү сунуштайм. Бирок кайра шайлоого барууга тыюу салынат”, — деген Токаев.

Ошондой эле Токаев 2023-жылдан тарта өлкөдө бардык негизги саясий институттар кайра ишке киргизилерин жана жаңыланарын белгилеген.

Количество просмотров: 105