• Шаршемби 22 Теке 2026
  • Среда 22 Июль 2026

Казакстанда «Майкаиналтын» компаниясынын заводу убактылуу ишин токтотот

20 Бирдин айы 202417:40 Бишкек Govori.TV

Казакстанда «Майкайналтын» компаниясынын байытуу заводу 1-апрелге чейин убактылуу ишин токтотот. Бул тууралуу  бир катар жергиликтүү басылмалар кабарлашты.

Жумушчулар эмгек акысынын 50% сактап калуу менен акы төлөнүүчү эмгек өргүүгө жиберилет.

«Иш берүүчү «Майкайналтын» акционердик коомунун оозеки түшүндүрмөсүнө караганда, учурда фабриканын ишин токтотууга даярдыктар көрүлүүдө. Иш болжол менен 22-23-февралдан тарта токтотулат, ал эми фабриканын жумушчуларына эмгек акысынын 50 пайызы төлөнөт», — деди Павлодар облсунун эмгек башкармалыгынын жетекчисинин милдетин аткаруучу Аблай Сабаров.

«Майкаиналтын» компаниясында 933 адам эмгектенет.

4-январга караган түнү «Майкайналтын» кенинин аймагында эски шахтага автобус түшүп кеткен. Автобустун ичинде үч куткаруучу жана бир айдоочу болгон. Өзгөчө кырдаалдан көп өтпөй эки куткаруучунун сөөгү табылган. Дагы эки адамды издөө иштери уранды коркунучунан улам токтотулган. Туугандары издөө иштеринин токтотулганына макул эмес.

19-февралда Казакстандын Башкы прокуратурасы «Майкайналтын» кенинин санитардык корголгон зонасында үй куруу үчүн 206 жер тилкесинин берилип кетишинин мыйзамдуулугун текшерип жатканы белгилүү болду.

Прокуратуранын маалыматы боюнча, ишканадан 500 метр алыстыкта 103 үй курулуп, 311 адам жашап жатат. Жеке турак жай куруу үчүн жер тилкелерин 2013-жылы Павлодар облусунун акимчилиги берген. Ал кезде санитардык-коргоо зонасы аныктала элек болчу.

Количество просмотров: 89