• Жума 3 Бугу 2024
  • Пятница 3 Май 2024

Казакстанда мейманкананын кызматкерлери жапырт ууланды

8 Аяк оона 2023 16:16 Бишкек Govori.TV

Казакстанда Rixos-Borovoe мейманканасынын кызматкерлеринин арасында жапырт уулануу катталды. Бул тууралуу «Казинформ» мамлекеттик агенттиги Акмоло облусунун санитардык дарыгерлерине шилтеме кылып кабарлады.

Басылманын маалыматына караганда, ири мейманкананын 17 кызматкери өзүн начар сезип жатканын айтып, дарыгерлерге кайрылган. Алардын баарына «тамаш-ашка уулануу» диагнозу коюлган. Тогуз киши Көкшетау шаарындагы Жугуштуу оорулар борборуна жаткырылды.

7-сентябрь күнү эртең менен жарыяланган маалыматка ылайык, бейтаптардын абалы канааттандыраарлык. Ооруканага жеткирилгенге чейин алардын баары кусуп, ичи өтүп, дене табы жогорулаган.

Бул окуядан кийин жергиликтүү санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл кызматы мейманкананын ресторанында плансыз текшерүү жүргүзө баштады. Лабораториялык изилдөөлөрдөн кийин кызматкерлердин уулануусуна эмне себеп болгону айтылат.

Азырынча Rixos-Borovoe мейманканасы бул окуя боюнча комментарий бере элек.

ЖМКлардын маалыматына караганда, Rixos-Borovoe мейманканасы олигарх Булат Утемуратовго таандык. «Forbes-Казакстан» журналы анын байлыгын 2,7 миллиард долларга баалап, өзүн Казакстандагы эң бай 10 адамдын катарына киргизген.

Утемуратов ForteBank’тын акцияларынын дээрлик 82%, «Кар-Тел» компаниясынын (Казакстандагы «Билайн» байланыш оператору) 25% жана алтын казуу менен алектенген RG Gold компаниясынын акцияларынын 65% ээлик кылат. Мындан тышкары ал Астанадагы, Венадагы жана Москвадагы Ritz-Carlton мейманканаларынын, ошондой эле Burger King тезтатым жайынын Казакстандагы франшизасынын ээси экени айтылып келет.

Количество просмотров: 282