• Жекшемби 7 Кулжа 2026
  • Воскресенье 7 Июнь 2026

Шаурмага уулангандардын абалы айтылды

2 Тогуздун айы 202310:24 Бишкек Govori.TV

Саламаттык сактоо министрлиги Бишкекте шаурмага уулангандардын абалы боюнча маалымат берди.

Белгилүү болгондой, Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасына жалпы 43 бейтап кайрылган. Анын 23ү ооруканага жаткырылды, арасында эки бала бар.

«20 адам медициналык жардам көрсөтүлгөндөн кийин амбулатордук дарыланууга жөнөтүлдү. Ар бир адам керектүү дары-дармектер менен камсыздалган»,-деп билдиришти мекемеден.

Буга чейин Бишкекте 21 киши шаурмага ууланганы маалымдалган.

Количество просмотров: 106