• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Казакстанда Назарбаевди кемсинтүү үчүн каралган кылмыш жоопкерчилиги алынат

1 Кулжа 2023 9:02 Бишкек Govori.TV

Казакстандын Кылмыш кодексинен өлкөнүн биринчи президенти Нурсултан Назарбаевди кемсинтүү жана ар-намысына шек келтирүү үчүн жоопкерчиликке тартуу нормасы алып салынат. Бул тууралуу парламент мажилисинин депутаты Снежанна Имашева билдирди.

Анын айтымында, кылмыш жоопкерчилигин алуу боюнча өзгөртүүлөр «техникалык мүнөзгө ээ». «Азыр Элбашы деген макамы жок, ошондуктан кылмыш жоопкерчилиги керек эмес жана ал колдонулбайт. Бул норма Элбашыга гана тиешелүү, анын үй-бүлөсү жөнүндө сөз жок», – деди депутат.

Бул маалыматты Казакстандын Юстиция министрлиги да ырастады.

Быйыл февралда президент Касым-Жомарт Токаев «Казакстандын биринчи президенти – Элбашы тууралуу» мыйзамдын күчүн жокко чыгарган жарлыкка кол койгон.

Бул мыйзамда өлкөнүн экс-президенти Нурсултан Назарбаевге жана анын үй-бүлө мүчөлөрүнө бир катар артыкчылыктар, анын ичинде мамлекеттин эсебинен өмүр бою коопсуздугун каржылоо жана күзөт берүү каралган.

Мындан тышкары Токаевдин жарлыгы менен Назарбаев өзү ээлик кылган мүлктөрдүн кол тийбестигинен, анын жакындары жеке кол тийбестигинен ажыратылган.

Быйыл январда Конституциялык сот «Казакстандын биринчи президенти – Элбашы тууралуу» мыйзамды күчүн жоготту деп таап, ал казак парламентинин кош палатасынын биргелешкен жыйынында жактырылган.

Количество просмотров: 66