• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

Казакстанда Назарбаевге санкция салууга чакырган активист кармалды

23 Аяк оона 2021 11:57 Бишкек Govori.TV

22-сентябрда Актөбө шаарында уруксат берилген бир адамдык пикетке чыккан укук коргоочу Алима Абдирова менен Ольга Климонованы полиция кармап кетти.

Бул тууралуу “Азаттыктын” казак кызматына телефон аркылуу укук коргоочу өзү билдирди. Анын айтымында, полициячылар Климованы пикетти видеого түшүрүп жатканда алып кетишкен.

Абдирова 21-23-сентябрда акимчиликтин алдында бир адамдык пикет уюштурууга уруксат алган. 21-сентябрдагы пикетте ал Европа биримдигинен президенттиктен кетсе да бийликке таасирин сактап калган мурдагы президент Нурсултан Назарбаевге санкция салууну сураган.

Актөбө облустук акимчилигинин ички саясат бөлүмүнүн башчысы Айбек Көпенов укук коргоочунун кармалганын ырастады.

— Алима Абдировага 21-22-сентябрда темадан чыгып кеткени үчүн эскертүү берилген. Бирок ал укпай койгондуктан полиция чара көрдү, — деди Айбек Көпенов.

21-сентябрда Абдирова облус акимчилиги “билдирме форматын буздуң” деген кабар жөнөткөнүн, өзүн полиция кармап кетиши ыктымал экенин айткан. Ал “билдирме форматын буздум”, “алдын ала белгиленген темадан оолактап кеттим” деп эсептебейт.

Количество просмотров: 232