• Шейшемби 14 Бугу 2024
  • Вторник 14 Май 2024

Казакстанда Республика күнү ондон ашык активист кармалды

26 Тогуздун айы 2023 9:07 Бишкек Govori.TV

Казакстанда Республика күнү белгиленген 25-октябрда ондон ашык активист кармалды. Бул тууралуу «Азаттыктын» казак кызматы кабарлады.

Буга чейин бозгунда жүргөн оппозициялык саясатчы Мухтар Аблязов жарандарды Республика күнү өлкөнүн 20 ири шаарында нааразылык акцияларын өткөрүүгө чакырган.

Активисттер бул күнү митингге чыгуу планы тууралуу жергиликтүү акимчиликтерге билдирмелерди жөнөтүшкөн. Бирок бийлик уруксат бербей, акция өткөрүү пландалган жерлер бош болбой турганын айтышкан.

25-октябрда алгач жергиликтүү telegram-каналдар Алматыдагы Борбордук парктын кире беришинде бир киши кармалганы тартылган видеотасманы жарыялашты. Андан соң «Азаттыктын» казак кызматынын кабарчылары бул райондо төрт киши кармалганына күбө болушкан. Мындан тышкары башка басылмалардын журналисттери дагы эки киши кармалганын билдиришти.

Ага чейин «Ар.Рух.Хак» бейөкмөт уюмунун жетекчиси Бахытжан Торегожина Facebook баракчасына Борбордук паркта мобилдик интернет өчүрүлгөнүн жазган. Паркта интернет түштөн кийин жеткиликтүү болуп калганы кабарланды.

«Азаттыктын» кабарчылары бул күнү Астана шаарында да полиция кызматкерлери бери дегенде эле төрт кишини кармап кеткенине күбө болушту. Кийинчерээк «Власть о главном» Телеграм-каналы дагы эки адам кармалганын кабарлап, бул учур тартылган видеону жарыялады. Астаналык активист Нурбол Онерхан аны штаттык кийимчен адамдар кармап, полиция департаментине алып баратышканын билдирди.

Астанада каттоодон өтө элек оппозициялык «Алга, Казакстан!» партиясынын эки активисти митинг пландалган жерге барып, сөз сүйлөөгө жетишти. Алар бийликти «бардык саясий туткундарды», анын ичинде партиянын лидери, белгилүү марафончу Марат Жыланбаевди бошотууга чакырышты.

Батыш-Казакстан облусунун борбору Орол шаарында жергиликтүү тургун Булат Журмухамедов кармалды. Ал калаанын борбордук аянтына өлкө желегин көтөрүп барып, андагы адамдарды Республика күнү менен куттуктоону пландаган.

Азырынча Казакстандын бийлиги 25-октябрга пландалган митингдерге байланыштуу кайсы шаарларда канча киши кармалганы тууралуу маалымат бере элек.

Количество просмотров: 65