Казакстандагы акыркы окуяларда жапа чеккен кыргызстандык Сыдыков Чолпонбекке борбор калаанын мэриясы колдоо көрсөтүп, муниципалитеттин резервдик фондунан 50 миң сом бөлүндү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлайт.
Белгилей кетсек, азыр Сыдыков Бишкек шаардык №4 клиникалык ооруканасында дарыланып жатат.