• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Казакстанда Январь окуялары боюнча 545 киши соттолду

19 Теке 2022 9:07 Бишкек Govori.TV

Казакстанда Январь окуялары боюнча сотко 429 кылмыш иши жөнөтүлүп, 545 киши соттолду. Бул тууралуу 18-июлда Башкы прокуратуранын спикери Елдос Килымжанов билдирди.

Анын айтымында, бийлик өкүлдөрүнө күч колдонуу жана мүлктү жок кылууга байланыштуу оор кылмыш жасаган делген 83 адам эркинен ажыратылды.

Башкы прокуратуранын маалыматына караганда, ушул тапта атайын прокурорлордун өндүрүшүндө “жапырт башаламандык” боюнча 53, “терроризм актысы” боюнча 32 кылмыш иши бар.

Камакта 349 адам отурат. Уурдалган курал-жарактардын ичинен эки миңден ашууну азыркыга чейин “кылмышкерлердин колунда”. Казакстан ИИМинин билдиришинче, 1729 курал, 42 миңден ашуун ок-дары кайтарылган.

Январь окуяларынан 232 киши өлгөн, алардын ичинен алтоо кыйноонун курмандыгы болгон.

Ушул күнгө чейин казак бийлиги толкундоолор учурунда көз жумгандардын ысымын жарыялай элек. Бийлик окуяны эл аралык деңгээлде иликтөө жөнүндө чакырыктарды да четке кагып келет.

Количество просмотров: 86