• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Январь окуясы: Кыйноого тиешеси бар полиция кызматкери 6 жылга соттолду

3 Баш оона 2023 9:05 Бишкек Govori.TV

2022-жылы январда полиция бөлүмүндө каза болгон Елдос Калиевди кыйноого алууга айыпталган Семей шаардык полиция департаментинин кызматкери Айдын Азанбаев алты жылга соттолду. Бул тууралуу «Азаттыктын» казак кызматы кабарлады.

Семей шаарындагы №2 сот Азанбаевди «Кыйноо» жана «Кызматтык ыйгарым укуктарын ашыра пайдалануу» беренелери боюнча күнөөлүү деп тапты. Ал алты жылдык жазадан тышкары полиция бөлүмүндө каза болгон 26 жаштагы Елдос Калиевдин жакындарына 9 миллион теңге өлчөмүндө кенемте төлөп берүүгө да милдеттендирилди.

Буга чейин прокурор соттон айыпталуучуну 10 жылга эркинен ажыратууну өтүнгөн.

Елдос Калиев 2022-жылдын 10-январында коменданттык саатты бузганы үчүн кармалган. Эртеси полиция анын агасы Айдос Калиевге телефон чалып, тинтүү учурунда инисинин жанынан «союл менен граната» табылганын, ал каршылык көрсөтүп жатканда каза болгонун билдирген.

Тергөөнүн маалыматына караганда, Елдос полиция бөлүмүнө жеткирилгенден кийин бир суткага жетпеген убакта каза болгон. Медициналык экспертиза анын сөөктөрү сынып, денесинде гематома жана курч нерсе менен сайылган издер болгонун аныктаган.

Сотто Азанбаев тагылган айыптарды четке какты.

Июнь айында Елдос Калиевдин өлүмүнө байланыштуу козголгон кылмыш ишинин алкагында Азанбаевдин эки кесиптеши соттолуп, үч жылга эркиндиктери чектелген. Алар «Шалаакылык» беренеси боюнча күнөөлүү деп табылган.

Количество просмотров: 50