• Ишенби 4 Бугу 2024
  • Суббота 4 Май 2024

Казакстанда январдан бери айлык ала элек депо кызматкерлери иш таштады

23 Кулжа 2022 16:18 Бишкек Govori.TV

Актөбө облусундагы Темир районунун Шубаркудук шаарында тепловоз ремонттогон депонун 23 жумушчусу 17-июндан бери ишин токтотуп, нааразылык билдирүүдө. Алар 2022-жылдын январь айынан бери маяна төлөнбөй жатканын айтууда.

«Шубаркудуктагы депонун инженеримин. Маянам көп эмес. Ай сайын колума 100 миң тенгедей (220 доллар) акча алам. Аны да январдан бери төлөбөй жатышат. Жетекчиликтен себебин сурасак, мекеменин тапканы суу, электр, салык сыяктуу чыгымдардан ашпай жатканын айтууда. Эмгек департаментине да арыздандык. Алар «Казакстан президентинин жарлыгына ылайык, 2023-жылдын январь айына чейин мораторий жарыяланды, микоркесиптик субъектилерди текшере албайбыз» деп жооп беришти», — деди инженер Арман Алимбаев.

Шубаркудуктагы депонун жумушчулары айына жети-сегиз тепловоз оңдошот. Апрель-май айларында 12 тепловозго чейин ремонттошкон. Жумушчулардын айтымында, мекеменин кирешеси оңдолгон тепловоздордун санына жараша көбөйүп турат. Бирок жумуштун көлөмү маянага таасирин тийгизбейт.

Арман Алимбаевдин билдиришинче, январдан бери маяна ала элек жумушчулар күн сайын жумуш маалында депого келип жатышкан. Бирок өткөн аптадан бери тепловоз оңдоодон баш тартышты.

Темир районунун акимчилиги бул жагдайдан кабардар. Депо жумушчуларга 15 миллион 245 миң теңге карыз.

«Компания салык төлөбөгөндүктөн, эсеби бөгөттөлгөн. Эсебинде азыр жети миллион теңге бар. Айдын соңуна чейин дагы 18 миллион теңге түшөт. Ошол каражаттан жумушчулардын маянасы толук төлөнөт»,-деп билдирди акимчилик.

Депонун кызыматкерлери «маяна бүгүн-эртең төлөнөт» деген убадага тоюшканын, айлыктан тышкары жети жылдан бери компания пенсия коруна да акча которбогонун билдиришүүдө. Алар тиешелүү органдарды мындай мыйзам бузууларга көңүл бурууга чакырат.

Количество просмотров: 114