• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Казакстанда журналист Данияр Молдабеков сабалды

22 Бирдин айы 2023 15:57 Бишкек Govori.TV

Казакстандык журналист Данияр Молдабеков беткапчан белгисиз бирөө үйүнүн кире беришинде уруп кеткенин билдирди.

«20 мүнөт мурун медициналык беткап тагынган бирөө бетиме уруп кетти. Бул подъездде болду”, — деп жазды журналист.

«Азаттыктын» казак кызматынын кабарчысы окуя болгон жерге барганда тез жардам кызматкерлери журналистке жардам көрсөтүп жатканына күбө болгон. Ал жерге полиция да барган.

Башын рентгенге тартып, анализ алуу үчүн журналистти ооруканага алып кетишти. Ал кол салуу фактысы боюнча арыз жазарын да билдирди.

Данияр Молдабеков соңку учурларда журналисттерге жасалып жаткан чабуулдар жөнүндө пикирин билдирип, аткаруучулар гана колго түшүп, буюртма бергендер табылбай жатканын айтты.

Күн мурун Polisia телеграм-каналы Казакстанда журналисттерге каршы мыйзамсыз аракеттерди жасоо шеги менен 18 киши кармалганын кабарлаган.

«Өткөн жылдын сентябрынан бери Алматы менен Астанада алты журналистке каршы ишмердүүлүктөрүнө байланыштуу мыйзамсыз аракеттер жасалган. Алардын мүлктөрүнө атайылап зыян келтирилип, автоунаалары өрттөлүп, түрдүү предметтерди жөнөтүү менен коркутуулар болгон. Мындан тышкары алардын даректеринде терроризм актылары пландалганы тууралуу жалган кабарларды таратып, жеке маалыматтарын интернетке чыгарышкан», – деп жазылган Polisia’нын билдирүүсүндө.

Булак: Сentralasian.org.

Количество просмотров: 139