• Жекшемби 5 Бугу 2024
  • Воскресенье 5 Май 2024

Казакстанда журналист Думан Мухаметкаримдин тарапташтары аны бошотууну талап кылышууда

22 Кулжа 2023 14:54 Бишкек Govori.TV

25 суткага камалган журналист Думан Мухаметкарим бейшемби күнү саат 11:30да бошотулушу керек болчу.

Бирок журналист али чыга элек. Аны тосуп алууга келген жаштар “Думанга боштондук!” деп кыйкырып турушат. Тарапташтары полиция башкармалыгына күч менен кирүүгө аракет жасашты. Бирок аларды четке сүрүп чыгарышты. Прокурор окуя болгон жерге келип, чогулгандарды тарап кетүүгө үндөдү.

Думандын бошотулушун күтүп жаткандардын арасында анын 66 жаштагы атасы Алмаз Тилепов да бар, ал мурда уулунун камалышына нааразы болуп, ачкачылык жарыялаган.

Чогулгандар Иле райондук ички иштер бөлүмүнөн чыгып бараткан кызматтык унаанын жолун торошту. Алар полиция Думан Мухаметкаримди бошоткондон кийин дароо Талдыкорганга жеткирип коюшу мүмкүн деп чочулашууда.

Адвокат Галым Нурпеисовдун айтымында, күн мурун журналист Думан Мухаметкаримди “экстремизмди каржылоо” ишинин алкагында суракка алууну каалашкан. “Бирок биз укугубуздан пайдаланып, жооп берүүдөн баш тарттык”, — деди адвокат.

Буга чейин ИИМ журналисттин мыйзамсыз кармалышы боюнча иликтөө иштери жүрүп жатканын билдирген. Жакындарынын айтымында, азырынча жыйынтык жок.

Казакстан полициясы эркин журналист Думан Мухаметкаримди 28-майда кайра кармаган. Сот аны “тынч жыйын өткөрүү тартибин бузууга” айыптап, 25 суткага камакка алуу чечимин чыгарды.

Думан Мухаметкарим YouTube каналы аркылуу бийликти сындап келет. «Тынч жыйын өткөрүү тартибин бузду» деген айып менен мурда да эки жолу 25 суткага камакка алынган.

Казакстанда укук коргоочулар бийликти тынч жыйын өткөрүүнү жана пикирин ачык айтууну каалагандарды куугунтуктап жатканын сынга алып келишет. Расмий Астана өлкөдө саясий куугунтук бар экенин четке кагат.

Количество просмотров: 65