• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Казакстанда журналисттерге кол салууну уюштурууга шектелген адам кармалды

6 Жалган куран 2023 9:10 Бишкек Govori.TV

Казакстандын Ички иштер министрлиги (ИИМ) журналисттерге кол салууну уюштурууга шектүү адам кармалганын билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, шектүү Клебанов (Маневич) Аркадий Сергеевич аттуу Казакстандын жараны. Ага «Журналисттин ишмердүүлүгүнө тоскоолдук кылуу», «Опузалоо», «Жеке жашоонун кол тийбестигин бузуу», «Башка бирөөнүн мүлкүн атайылап зыянга учуратуу» жана «Бейбаштык» беренелери боюнча айыптар тагылып, тергөө аяктаганга чейин камакка алынды. Сурак маалында шектүү күнөөсүн мойнуна алган көрсөтмөлөрдү бергени кабарланууда.

«Ал журналисттерге кол салууларды өз алдынча уюштурганын, анткени аларга көптөн бери жеке дооматтары болгонун айтты. Кылмыштуу пландарын ишке ашыруу үчүн ал аткаруучуларды жана хакерлердин тобун жалдаган. Алардын акысын криптовалютадан түшкөн акча менен төлөп берген», – деп жазды Polisia.kz сайты.

«Власть» басылмасы шектүү казакстандык олигархтардын биринин тууганы экенин жазды.

Февралдын аягында Казакстандын ИИМи журналисттерге «кол салуунун уюштуруучусу» кармалып, анын «төрт шериги» аныкталганын кабарлаган. Анда алардын бешөө тең башка өлкөнүн жарандары экени айтылган.

21-февралда полиция Алматы жана Астана шаарларында «журналисттерге кол салган» деген шек менен 18 адам кармалып, 20 кылмыш иши козголгонун билдирген.

Соңку жарым жылда Казакстанда журналисттерге чабуул жасалган учурлар көбөйгөн.

Количество просмотров: 52