Алматыда орун алган башаламандыкта Кыргызстандын жараны каза болду. Бул тууралуу маалыматты Кыргызстандын Казакстандагы элчиси Дастан Дюшекеев тастыктаган.
Анын айтымында, ал адам фитнес боюнча машыктыруучу болуп иштечү.
“Анын өздүгүн кесиптештери жана достору тастыктады. Учурда Алматыдагы Башкы консулдук кырсыктын чоо-жайын тактоодо жана маркумдун жакындары менен байланышта болууда”, — деди ал.
Социалдык тармактарда каза болгон адам Азиз Мусаев болгон деген маалыматтар жарыяланууда.