• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Казакстандагы окуяларда 164 адам каза болгону расмий айтылды

9 Үчтүн айы 202221:24 Бишкек Govori.TV

Казакстандын Саламаттык сактоо министрлиги өлкөдөгү тополоңдо 164 адам каза болгонун билдирди. Мекеменин маалыматын казакстандык Телеграм каналдар таратты. Министрлик өлкөнүн төрт облусу боюнча маалымат берген. Ага ылайык, Алматыда 103 (эки бала), Кызылорда облусунда 21, Жамбылда он жана Алматы облусунда сегиз адам каза болгон. Калган 22 адамдын кай жерлик экени белгисиз.

Казакстандын өкмөтү 5-январдан бери биринчи жолу каза болгондор боюнча кеңири маалымат берди. Буга чейин Ички иштер министрлиги күч түзүмдөрүнүн 18 кызматкери жана 26 «куралчан адам» өлтүрүлгөнүн билдирген.

Количество просмотров: 322