• Бейшемби 2 Бугу 2024
  • Четверг 2 Май 2024

Казакстандагы жол кырсыгында үч өзбек жараны каза болду

22 Үчтүн айы 2024 18:07 Бишкек Govori.TV

Батыш Казакстан облусундагы жол кырсыгында өзбекстандык үй-бүлөнүн үч мүчөсү каза болду. Бул тууралуу жергиликтүү полиция башкармалыгы билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, кырсык 20-январда кечке жакын Орол-Атырау трассасынын Акжайык районундагы бөлүгүндө болгон. Өзбекстандын 41 жаштагы жараны башкарып бараткан Mazda CX-7 үлгүсүндөгү автоунаа каршы тилкеге чыгып, жүк ташуучу унаа менен сүзүшкөн.

Жыйынтыгында жеңил унаанын айдоочусу жана андагы 39 жаштагы аял менен 11 жаштагы бала дароо мүрт кеткен. 14 жаштагы дагы бир бала жаракаттары менен ооруканага жеткирилди.

Маалыматтар боюнча, алардын баары өзбекстандык бир үй-бүлөнүн мүчөлөрү болушкан. Учурда кырсык боюнча тергөө иштери башталды.

Ошол эле күнү кечинде Казакстандын батышында катталган жол кырсыгында Өзбекстандын дагы бир жараны каза болду. Атырау – Астрахан трассасында Chevrolet Cobalt автоунаасын айдап бараткан 31 жаштагы өзбекстандык рулду башкара албай, Mercedes Benz Actros жүк унаасы менен кагышкан. Жыйынтыгында 41 жаштагы өзбекстандык аял каза болуп, дагы эки жүргүнчүгө медициналык жардам көрсөтүлгөн.

Количество просмотров: 209