• Шаршемби 22 Теке 2026
  • Среда 22 Июль 2026

Казакстандан келе жаткан малдын тоюту артка кайтырылды

29 Үчтүн айы 202412:59 Бишкек Govori.TV

Казакстандан келе жаткан 180 миң килограмм малдын тоюту артка кайтырылды. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигине караштуу Ветеринардык кызматтын «Ак-Тилек» чек ара көзөмөлдөө пунктунун инспекторлору тарабынан Казакстан Республикасынан Кыргызстандын аймагына 180 000 кг өлчөмүндө малдын тоюту мыйзамсыз жол менен ташылып келе жаткандыгы аныкталган.

«Тактап айтканда, жүктүн ветеринардык коштомо документи жок экендиги жана ЕАЭБдин ветеринардык-санитардык талаптары сакталбагандыгы аныкталган. Инспекторлор тарабынан тиешелүү артка кайтаруу актысы түзүлүп, жүк «Ак-Тилек» көзөмөл өткөрүү жайы аркылуу Казакстан Республикасына артка кайтарылды», — деп жазылат маалыматта.

Теги:
Количество просмотров: 675