Аламүдүн районундагы Скрябин мөңгүсүндө таштар кулап, казакстандык турист каза болду. Бул тууралуу 30-июлда Казакстан Тышкы иштер министрлиги билдирди.
Маалыматта «Окуя 30-июлда саат 13.00дөр чамасында болгон.Туристтер мөңгүгө чыгып баратканда таш кулап үч киши жабыркап, алардын биринин абалы оор экени» жазылат.
Казакстан бүгүн, 31-июлда жабыр тарткан туристтерди эвакуациялоо үчүн тик учак жөнөтөт.
Белгилей кетсек, 30-июлда Бишкектен 40 чакырым аралыкта жайгашкан мөңгүдөн таштар кулаганы жана кырсыкка казакстандык альпинисттер кириптер болгонун Govori.TV сайты жазган.