• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Казакстандык депутат төшүн көргөзүп подиумга чыккандыгы үчүн ур-токмокко алынган

24 Бештин айы 2018 15:21 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 24.12.2018. Govori.TV

Ачык кийинип, көкүрөгүн көрсөтүп подиумга чыккан Казакстандык депутат аял ур-токмокко кабылгандыгын айтты. Ал бул тууралуу көгала болгон денесин көргөзүп, инстаграмдагы жеке баракчасына чыгарды.

«Мода көргөзмөсүнө катышканым тууралуу жаңылык чыккандан кийин менин дарегиме кескин сындар көп айтылды. Кээ бири уяты жок деп катуу айтса, башкасы шылдын кылышты. Instagram баракчамды да өчүрүп жок кылууга чейин барышты. Мунун баарына менин төшүм себеп болгон», — деп жазган депутат, модель Тасова.

Жабыр тартканын айтканы менен ким тарабынан болгонун депутат айым толук маалымат берген эмес.

Эскерте кетсек, Динагүл Тасова декабрь айынын башында “Fashion Night Astana” мода көргөзмөсүнө катышкан. Анда подиумга кийип чыккан үлбүрөк көйнөктүн көкүрөк тарабы эч нерсе менен жабылган эмес. Ал сүрөтүн өздүк баракчасына жүктөгөндөн кийин казакстандык интернет колдонуучулар тарабынан катуу сынга алынган.

Булак: «Барометр» сайты

Количество просмотров: 27