• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

Казакстандын бир катар аймактарында активисттер кармалды

16 Жетинин айы 2022 9:13 Бишкек Govori.TV

15-ноябрь күнү түштөн кийин Жаңы-Өзөн шаарында полиция “Өзөнмунайгаз” компаниясынын жумушчусу Естай Карашаевди кармап кетти.

Административдик сот аны тынч жыйындарды уюштуруу жана өткөрүү тартибин бузууга айыптап, алты суткага камакка алуу боюнча өкүм чыгарды.

Естай Карашаев 2011-жылы бир нече ай бою мунайчылардын маянасын жогорулатууну талап кылган активисттердин бири. Забастовканы басууда бери дегенде эле 17 киши өлгөн, жүздөн ашууну жаракат алган.

Карашаевдин туугандары “Азаттыктын” казак кызматына билдиришкендей, полициячылар ал “Жаңы-Өзөн жаначырлары” whatsApp тобуна 20-ноябрда митингге чыгып, “жергиликтүү акимчиликти басып алуу” жөнүндө билдирүү жарыялаганын айтышкан.

Бул арада ушул эле күнү Алматыда “Алга, Казакстан!” партиясынын уюштуруу комитетинин мүчөсү Асет Абишев кармалды.

11-ноябрда активисттер Венера Жанбаева, Сандугаш Кантарбаев, Марат Жыланбаев, Марат Мусабаев жана Мереке Нугманов кармалган.

Өлкөдө президенттик шайлоону утурлай активисттерди куугунтуктоо күч алды.

Казакстанда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо 20-ноябрга белгиленген. Өлкөдөгү эң жогорку кызматка алты киши ат салышууда. Эксперттер Токаевден башка талапкерлерди “бийликтин куурчактары” катары атап, шайлоонун жыйынтыгы азыр эле белгилүү экенин айтышууда.

Количество просмотров: 76