Бишкек.19.03.2019.Govori.TV.
Казакстандын президентинин милдетин Сенаттын төрагасы Касым-Жоомарт Токаев убактылуу аткарат. Бул тууралуу Нурсултан Назарбаев бийлик ыйгарым укуктарын токтотуп жатып билдирди.
Назарбаев өзүнө шайлоодо ишеним көрсөткөн элине алкыш айтты. Ал «Нур Отан» партиясынын лидери жана Коопсуздук кеңешинин төрагасы бойдон кала берерин кошумчалады.
79 жаштагы Нурсултан Назарбаев Казакстанды 1990-жылдын 24-апрелинен бери президент катары жетектеп келаткан. Назарбаев беш жолу президенттик шайлоону утуп чыккан. Эмдиги президенттик шайлоо 2020-жылы өтмөк.