• Шаршемби 22 Теке 2026
  • Среда 22 Июль 2026

Казакстандын тышкы иштер министри Кыргызстанга келди 

29 Үчтүн айы 202412:58 Бишкек Govori.TV

Казакстандын тышкы иштер министри Мурат Нуртлеу Кыргызстанга келди. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаевдин чакыруусу боюнча келген министрди “Манас” эл аралык аэропортунда КР ТИМ башчысынын биринчи орун басары Асеин Исаев жана Кыргызстандын Казакстандагы элчиси Дастан Дюшекеев тосуп алышты.

Сапардын алкагында Кыргызстан менен Казакстандын тышкы саясат ведомстволорунун жетекчилеринин ортосунда сүйлөшүүлөр жүрүп, анда кыргыз-казак стратегиялык өнөктөштүгү менен союздаштыгынын актуалдуу маселелери талкууланат.

Количество просмотров: 59