• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Казакстандын Жогорку соту активисттердин БШКга каршы арызын кабыл алуудан баш тартты

31 Тогуздун айы 2022 18:25 Бишкек Govori.TV

Казакстандын Жогорку соту жарандык активисттер Антон Фабрый менен Омар Жумагуловдун Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) каршы жазган доо арызын кабыл алуудан баш тартты.

Фабрыйдын айтымында, алар 6-октябрда алдыдагы президенттик шайлоого өзүн-өзү көрсөткөн талапкер катары каттоо өтүнүчү менен БШКга кайрылышкан. Мекеме 11-октябрда каттоодон баш тартып, активисттер 25-октябрда Жогорку сотко арыз жазышкан.

«Арызда биз беш талапты жазганбыз. Биринчиси – көп жылдан бери шайлоо мыйзамдарына анализ кылып, аны өзгөртүү боюнча президентке сунуш бербеген БШКнын аракетсиздигин таануу. Экинчиси – бизди эч кандай текшерүүсүз эле добуш берүү бюллетендерине кошуу. Эмгек тажрыйбасы болушу керек, кол тамга чогултуу, күрөө акча төлөө сыяктуу талаптардын баары чектөө болуп эсептелет. Булар партиянын атынан талапкер болгондорго тиешелүү. БШКда өзүн өзү талапкер кылып көрсөткөндөргө мындай талаптар каралган эмес. Бизди текшербеши керек болчу, анткени Конституция боюнча шайланууга укугубуз бар. Мени бул укугуман ажыратса, демек башка укуктарым да жок», – деди Фабрый.

Омар Жумагулов «Казакстанда жарандын шайлоого жана шайланууга болгон конституциялык укуктары иштебей турганын көрсөтүү үчүн» талапкерлигин койгонун белгиледи.

Активисттер бул маселе боюнча эл аралык уюмдарга кайрылууга ниеттенип жатышканын билдиришти.

Казакстанда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо 20-ноябрга белгиленген. Ага саясий партиялар менен республикалык маанидеги коомдук бирикмелер гана талапкер көрсөтө алышат.

Бүгүнкү күнгө карата президенттикке талапкер катары алты киши, анын ичинде учурдагы президент Касым-Жомарт Токаев катталды. Мамлекет башчысынын талапкерлигин парламенттеги үч партиядан жана коомчулукка көп белгилүү эмес ондогон уюмдардан турган «элдик коалиция» көрсөткөн. Мындан тышкары БШК «Казак энелери – каада-салтка жол» коомдук бирикмесинен Салтанат Турсынбекованы, Жалпы улуттук социал-демократиялык партиядан Нурлан Ауесбаевди, Адискөй социалдык жумушчулардын улуттук альянсынан Каракат Абденди, «Ауыл» партиясынан Жигули Дайрабаевди жана «Аманат» кесиптик кошуун бирлигинен Мейрам Кажыкенди талапкер катары каттады.

Количество просмотров: 141