• Бейшемби 2 Бугу 2024
  • Четверг 2 Май 2024

Казакстанга барган кыргызстандык айдоочудан коронавирус аныкталды

25 Жалган куран 2020 14:29 Бишкек Govori.TV

Казакстанга барган Кыргызстандын жаранынан (Чүй облусунун тургуну) коронавирус аныкталды. Бул тууралуу «Nur.kz» Жамбыл облусунун саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Марат Жуманкуловго шилтеме берүү менен жазды.

Анын айтымында, бейтап Кыргызстандан Жамбыл облусуна 23-мартта барган.

«Ал дароо карантинге жайгаштырылып, коронавируска анализ алынган. Оору аныкталгандан кийин облустук жугуштуу оорулар станционарына жаткырылды. Учурда анын абалы канааттандырарлык деп бааланып жатат, дене табы чекте, өмүрүнө коркунуч жаралган жок. Ал тиешелүү жардам алып жатат», — деп айтылат маалыматта.

Аталган бейтап менен байланышта болгон адамдар аныкталды. Жалпы 13 адам изоляцияга алынды. Ошондой эле жашаган жери дезинфекцияланды.

Өз кезегинде Жамбыл облустук товар жана кызматтардын сапатын, коопсуздугун көзөмөлдөө департаментинин башчысы Берик Жаркынбеков бейтап 29 жашта экенин билдирди. Ал Чүй облусунун тургуну, айдоочу болуп иштейт.

Булак: «Баракелде»

Количество просмотров: 2789