• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Кеңеш айылында контейнерлерде окуп жаткан балдар үчүн жаңы мектеп курулат

4 Аяк оона 2019 10:55 Бишкек Govori.TV

Нарын облусунун Кеңеш айылында убактылуу мобилдик үйдө билим алып жаткан балдар үчүн авариялык абалдагы эски мектептин ордуна жаңысы курулат. Бул тууралуу Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын басма сөз кызматы билдирет.

Нарын облусунун Кеңеш айылындагы мектептин имаратынын эскилиги жеткендиктен жана балдар менен мугалимдердин өмүрүнө коркунуч жаратпоо, окуу процессин үзгүлтүккө учуратпоо максатында учурда окуучулар мобилдик үйлөрдө билим алууда. Бул тууралуу Өкмөттүн Нарын облусунудагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Жаркын Ибраева билдирди.

Жаркын Ибраева эске салгандай, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги буга чейин Кеңеш айылындагы эски мектептин имаратынын эскилиги жеткен деген тыянак чыгарган. Анда 160 бала окуйт жана авариялык абалда турат.

«Биз окууну клубдун имаратында убактылуу жүргүзүүнү пландаштырганбыз. Бирок ал дагы авариялык абалда турат. Коопсуздук максатында балдарды убактылуу мобилдик үйлөргө жайгаштыруу чечими кабыл алынган. Суук түшкөндө балдар кыш мезгилинде окутууга кыйла ылайыктуу башка жерге которулат. Кеңеш айылында жаңы мектеп жакынкы мезгилдерде курулмакчы», – деди Жаркын Ибраева.

«2019-жылдын 2-сентябрында Нарын районунун акими Семетей Черикбаевдин убактылуу мектептин ачылыш салтанатына барганы боюнча коомчулукта айтылып жаткан сын-пикирди, албетте, туура кабыл алабыз. Негизи райондук администрациянын жетекчиси мектепке байланыштуу түзүлгөн кырдаалды түшүндүрүү максатында барган», — деп белгиледи Жаркын Ибраева.

https://www.playbuzz.com/item/2f3976e3-ce35-4088-90f6-b6b3b6e4a636
Количество просмотров: 55