Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Куванычбек Конгантиев кармалды. Бул тууралуу укук коргоо органдарындагы булактарына таянып Kaktus.media жазды.
Маалыматта айтылгандай, Конгантиев кечээ тергөө органдары тарабынан суракка алынгандан кийин кармалган. Ал алдын ала мыйзамсыз байыган жана коррупцияга шектелүүдө.
Белгилей кетсек, акыркы күндөрү социалдык тармактарда Куванычбек Конгантиев тууралуу маалыматтар тараган, анда ал муниципалдык жер тилкелерин жакындарына каттатканы айтылган.
Ал эми кечээ, 10-мартта БШК аны өз жазган арызынын негизинде депутаттык мандатынан ажыраткан.
Анын кармалганы боюнча азырынча расмий маалымат бериле элек.