• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Кечээ ок тийген мушкерлердин абалы оор

11 Тогуздун айы 202410:09 Бишкек Govori.TV


Кечээ түндө Бишкекте атышуу болуп, үч киши жарадар болуп, дагы бир адам өлгөн. Бул боюнча Ички иштер министрлиги иштин чоо-жайын териштирип жатат.

Бүгүн Саламаттыкты сактоо министрлиги кечээ ок тийгендердин бири, бокс боюнча машыктыруучу Жылдызбек Ниязалиевдин абалы оор экендигин билдирди.

10-октябрда Бишкектин «тез жардам» кызматына эки бейтап түшкөн. С.Э. аттуу адам азыркы тапта оор абалда реанимацияда жатат. Анын санына ок тийген.

Экинчи жабырлануучу Улуттук хирургия борборунун реанимация бөлүмүндө жатат. Операциядан кийинки абалы туруктуу жана оор. Анын көкүрөгүнө жана ич көңдөйүнө ок тийген.

Эске салсак, 10-октябрда Орзубеков Назаровго таандык делген бокс залында атышуу болгон. Атышуудан улам Ы.М. аттуу жаран каза тапкан.

Количество просмотров: 1254