• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

КЭДП (НДПК) партиясы БШКнын чечимине каршы сотко кайрылат

26 Чын куран 2021 15:13 Бишкек Govori.TV

Кыргызстан элдик-демократиялык партиясы БШКнын чечимине каршы сотко кайрылат. Бул тууралуу адвокат Дастан Улан уулу билдирди. Анын айтымында, партия сотко арыз даярдап жатат.

«БШК үч күндүн ичинде партиянын арызын карашы керек, бүгүн акыркы күн. КЭДП (НДПК) партиясы БШКнын чечимин мыйзамсыз деп атады»,-деди ал.

Эске салсак, 19-апрелде Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы аталган партиянын добуш сатып алганы жана үгүт иштеринин жол-жобосун бузганы аныкталганын айтып, жарыштан чыгарган. КЭДП бул чечимге макул болбой Боршайкомго арыз жазган. Борбордук шайлоо комиссиясы добуштарды сатып алууга шектелип жаткан Кыргызстан элдик-демократиялык партиясын шайлоо жарышынан четтетүү боюнча Бишкектин аймактык комиссиясынын чечимин колдоп берген.

Количество просмотров: 46