• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Жогорку сот КЭДП партиясын шаардык кеңешке катышуу укугунан ажыратты

4 Бугу 2021 17:49 Бишкек Govori.TV

Жогорку сот Кыргызстан Элдик-Демократиялык партиясын ( КЭДП/НДПК) Бишкек шаардык кеңешине шайлоого каттоосун жокко чыгарып, Борбордук шайлоо комиссиясынын 23-апрелде чыгарган чечимин колдоду.

Сот отуруму 4-майда болду. Анда сот аталган партияны шаардык кеңешке катышуу укугунан ажыратты.

Бишкектин Аймактык шайлоо комиссиясы 18-апрелде өткөн жыйында КЭДП партиясын шайлоодон четтетүү тууралуу чечим кабыл алган. Буга атайын кызмат менен милициянын аталган партияны «добуш сатып алууга» айыптаган документтери негиз болгон.

КЭДП партиясы БШКнын чечимине каошы сотко кайрылган.

Количество просмотров: 105