• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Келерди сессиялар аралык мезгилде ЖККУга төрагалык кылуу Кыргызстанга өтөт

8 Жетинин айы 2018 23:01 Бишкек Govori.TV

Бишкек.08.11.2018.Govori.TV.

«Кыргызстан Уюмдун дараметин жана ЖККУнун эл аралык аброюн мындан ары арттыруу үчүн бардык күч-аракетин жумшайт», — деп белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 8-ноябрда Казакстандын Астана шаарында өтүп жаткан Жамааттык коопсуздук жөнүндө Келишим Уюмунун Жамааттык коопсуздук Кеңешинин сессиясында.

Пленардык жыйында Жамааттык коопсуздук жөнүндө Келишим Уюмунун Башкы катчысынын жыл сайынкы  баяндоосу жана Жамааттык коопсуздук жөнүндө Келишим Уюмунун Жамаатык коопсуздук кеңешинин жана Уюмдун уставдык органдарынын ноябрь (2017-ж.) сессиясынын чечимдерин аткарылышы жана Жамааттык коопсуздук жөнүндө Келишим Уюмунда Кыргыз Республикасы төрагалык кылган мезгилдеги ишмердигинин артыкчылыктуу багыттары жөнүндө маселелер каралды.

Сооронбай Жээнбеков ЖККУга натыйжалуу төрагалыгы үчүн казак тарапка, ошондой эле жолугушууну уюштурганы жана жылуу кабыл алгандыгы үчүн Президент  Нурсултан Назарбаевге ыраазылык билдирди.

«Тар курамда биз регионалдык жана эл аралык коопсуздуктун олуттуу проблемаларына тийиштүү бир катар маанилүү маселелерди талкууладык. Бүгүнкү жыйындын жыйынтыктары боюнча келерди сессиялар аралык мезгилде ЖККУга төрагалык кылуу Кыргыз Республикасына өтөт. Ушуга байланыштуу Уюмдун дараметин жана ЖККУнун эл аралык аброюн мындан ары арттыруу үчүн кыргыз тарап бардык  күч-аракетин жумшайт деп ишендиргим келет», — деп белгиледи Мамлекет башчысы.

Президент Сооронбай Жээнбеков эл аралык саясаттагы арсардыктын өсүшү, дүйнөдө, өзгөчө Жакынкы Чыгышта жана Афганистанда чыңалуу зоналарынын сакталышы регионалдык коопсуздукка терс таасирин тийгизип жатканын баса белгиледи.

«Ошону менен бирге террористтик коркунуч сакталууда, баңги заттарды мыйзамсыз жүгүртүүнүн көлөмү, мыйзамсыз миграция, кибермейкиндиктеги кылмыштар азайган жок. Ушунун баары Уюмга мүчө мамлекеттердин активдүү өз ара аракеттенишүүсүн улантуу зарылдыгын талап кылууда. Ушул контекстте мындан аркы жамааттык аракеттерди өтө олуттуу проблемалардын айланасына багыттоо керек. Биздин төрагалыгыбыздын артыкчылыктары мына ушундан келип чыгат», — деди Президент жана алар менен кесиптештерин тааныштырды.

Биринчи. Башка эл аралык жана регионалдык уюмдар, ошондой эле үчүнчү өлкөлөр менен өз ара аракеттенишүүнү өркүндөтүү аркылуу ЖККУну дараметин арттырууну улантуу.

Экинчи. ЖККУнун кризистерге жооп берүүчү Борборун укуктук жактан тариздөөнү аяктоо жана аны күн сайын иштөөгө өткөрүү.

Анын ЖККУга мүчө мамлекеттердин кризистик борборлору менен өз ара аракеттенишүү механизмдерин жөнгө салуу.

Үчүнчү. Аскердик курулуш чөйрөсүндө:

— Уюмга мүчө мамлекеттердин территорияларында материалдык каражаттардын запасы бар базаларды түзүү үчүн укуктук негиздерди иштеп чыгуу;

— ЖККУнун Жамааттык күчтөрүн даярдоону жана колдонууну өркүндөтүү.

Төртүнчү. Аскердик-экономикалык жана аскердик-техникалык кызматташтык чөйрөсүндө:

— аскердик маанидеги продукцияларды өз ара жеткирүүнү камсыз кылуу үчүн коргоо өнөр жайы тармактарынын ишканаларынын жана уюмдарынын кооперативдик кызматташтыгын мындан ары карай өнүктүрүү;

— курал-жарактарды жана аскер техникаларын оңдоо жана техникалык тейлөө боюнча кызмат көрсөтүү борборлорун түзүү.

Бешинчи. Азыркы чакырыктарга жана коркунучтарга каршы туруу чөйрөсүндө:

— ЖККУ алкагында жалпы антитеррористтик мейкиндикти тузүү боюнча чараларды улантуу;

— ЖККУга мүчө мамлекеттерде террористтик жана экстремисттик деп таанылган уюмдардын Бирдиктүү тизмесин жана реестрин түзүү ишин улантуу;

— БУУнун Глобалдык антитеррористтик стратегиясын ишке ашыруу боюнча чараларды ЖККУ форматында илгерилетүү;

— ЖККУга мүчө мамлекеттердин чек араларынын боюнда түзүлгөн курч кырдаалды эске алуу менен афгандар ортосунда тынчтык саясий диалогду илгерилетүү боюнча аракеттерди колдоо;

— маалыматтык-коммуникациялык технологияларды террористтик жана экстремисттик максаттарда пайдаланууну аныктоо, алдын алуу жана болтурбоо маселелери боюнча өз ара ыкчам аракеттенишүүнү өркүндөтүү.

Алтынчы. ЖККУнун ишмердигин маалыматтык камсыздоо чөйрөсүндө Уюмдун позитивдүү образын калыптандыруу боюнча чараларды улантуу.

«Белгиленген багыттар ЖККУга мүчө бардык өлкөлөрдүн кызыкчылыгына жооп берет жана азыркы кездин реалдуулуктарында биздин коопсуздугубузду чыңдоого кызмат кылат деп ишенем. Дүйнөдөгү объективдүү кырдаал кеңири спектрдеги маселелер боюнча макулдашылган жана өз ара пайдалуу чечимдерди кабыл алууну талап кылууда. Коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү жамааттык аракеттер Уюмга мүчө мамлекеттердин гана эмес, биздин кең аймагыбыздагы өлкөлөрдүн да кызыкчылыктарына жооп берет.  ЖККУнун кызыкдар мамлекеттер жана эл аралык түзүмдөр менен кызматташтыгын туруктуу түрдө кеңейтүү керек деп эсептейм. Кыргыз Республикасынын төрагалыгы учурунда сиздердин колдооңуздарга жана конструктивдүү өз ара аракеттенишүүңүздөргө үмүт кылам», — деп аяктады сөзүн Президент Сооронбай Жээнбеков.

Количество просмотров: 36