• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Келининин өлүмүнө себепкер болгон кайнене 7 жылга соттолду

2 Жетинин айы 2022 9:14 Бишкек Govori.TV

Тажикстандын Файзабад райондук соту келинин өзүн-өзү өлтүрүүгө жеткирүүгө айыпталган аялды 7 жылга эркинен ажыратты. Мамлекеттик айыптоочу Манораи Абдуфаттохтун өлүмү боюнча иште күнөөлүү деп табылган Бибикалон Назирова үчүн сегиз жыл сураган.

Тергөө органдары 2021-жылы 22-июнда үч баланын энеси ижарада турган батиринде «туугандарынын катаал мамилесинен улам» мойнуна жана курсагына 26 жолу бычак сайганын кабарлашкан. Бирок маркумдун туугандары бул версияга макул болбой, ал киши колдуу болгонун айтышып, ишти кайра кароону талап кылышкан.

Маноранын атасы Абдуфаттох Мисоков өкүмгө канааттанганын, кызын кайтарып ала албастыгын айтты.

“Сот адилеттүүлүгү орноду. Бул өкүм башка кайненелер үчүн сабак болушу керек”, — деди ал.

24-октябрда өткөн сот жараянында Бибикалон Назирова келини менен урушуп кеткенин дагы бир жолу тастыктап, бирок бул өзүн-өзүн өлтүрүүгө себеп болушу мүмкүн эместигин айтты. Буга чейин Бибикалон Назированын адвокаты соттон “Мунапыс жөнүндө” мыйзамды колдонуп, аны кылмыш жоопкерчилигинен бошотуу үчүн айыптоону өзүн-өзүн өлтүрүүгө жеткирүүгө алмаштырууну сурган. Бирок мамлекеттик айыптоочу адвокаттын өтүнүчүнө каршы чыккан. Прокурордун позициясын жабырлануучу тарап да колдогон.

Ошол эле маалда Манораи Абдуфаттох өзүнө кантип 26 жолу бычак сайды деген суроого жооп табыла элек.

Келиндин артында үч баласы калды: эң улуусу алты, кичүүсү бир жарым жашта.

Количество просмотров: 11449