• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Кемеде коронавирус жуктурду делген кыргызстандык видео байланышка чыкты

19 Бирдин айы 2020 9:26 Бишкек Govori.TV

Японияда кармалып турган круиздик лайнердеги кыргызстандык жаран видео байланышка чыкты.

Маалыматка ылайык, кыргызстандык жигит «Carnival Liberty cruise Lines» круиздик кемесинде тейлөөчү (официант) болуп эмгектенет. Анын бул лайнерде иштегенине төрт жылдын жүзү болгон.

“ 5 айдан бери кеме Флорида, Майами, Багамага барды. Коронавирус тарап жаткандыктан азиат түспөлүндөгү коноктордун саны абдан азайып кеткенин байкоого болот.  Кемеде бул ооруну жуктурган бир да учур катталган жок, бирок экипажга кошумча нускама берилип, алдын алуу чаралары күчөтүлдү. Кемеде абал туруктуу, эч ким бет кап тагынган жок”,-деп билдирген кыргызстандык жигит.

Эске салсак, ЖМКлар кармалып турган лайнерде вирус жуктуруп алгандардын арасында бир кыргызстандык жаран бар экенин жазып чыгышкан. Бирок кийинчерээк КР Тышкы иштер министрлиги маалыматтын туура эмес экенин айткан.




Количество просмотров: 7809