• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Кемеровдо 300 киши өлдү деген маалыматты Украиналык шакабачы тараткан (аудио)

28 Жалган куран 2018 9:59 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 27.08.2018. Govori.TV

Белгилүү Украиналык шакабачы  Евгений Вольнов өзүнүн YouTube каналына видео жарыялаган. Видеодо ал өзүн моргдун жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигин өкүлү катары тааныштырып, «Зимная вишня» соода борборунда 300 киши каза болгонун маалымдайт.

Биринчи сүйлөшүп жаткан адам судмедэкспертизанын өкүлү экенин айтат. Вольнов моргдо канча бош орун бар экендигин сурап, азыр 300 адамдын өлүгүн алып бара жатканын айтат.

Башка бирөөгө чалып алып өлгөндөрдүн саны 300 адам болгонун кайра-кайра кайталай берет. Айрым адамдар ага 60 киши эле каза болгонун айтканда, Вольнов ар түрдүү жалган шылтоолорду айтып, ошондуктан көз жумгандардын саны аз көргөзүлгөнүн маалымдайт. Бул аудио дароо социалдык түйүндөргө, мессенджер жана WhatsApp аркылуу тарап кеткен.

Znak.com басылмасы мындай жалган маалымат таратып элди дүрбөткөн Евгений Вольнов жоопкерчилике тартылыш керектигин айтат.

Количество просмотров: 17