• Жума 3 Бугу 2024
  • Пятница 3 Май 2024

Ташкент метросунда кызга асылган пранкерлер 5 суткага камалды

2 Кулжа 2023 9:11 Бишкек Govori.TV

Өзбекстанда сот Ташкент метросунда кызга асылган студентти жана бул учурду видеого тартып, соцтармактарга жарыялаган  досун 5 суткага камакка алды. Бул  тууралуу жергиликтүү басылмалар жазды.

Ташкенттин Чиланзар райондук соту кызга сексуалдык ыдык көрсөткөнү үчүн студентти беш суткага камакка алуу чечимин чыгарганын Өзбекстандын Жогорку сотунун басма сөз кызматы да тастыктады.

Зордук-зомбулукка каршы Nemolchi.uz долбоору 30-майда социалдык тармактардан алынган видео пранкты жарыялаган. Анда жаш жигит эл жык толгон метродо тутканы кармап турган кыздын колун кармалап, ага асылган. Мындан соң блогер видеого тартып жаткан досун карап, камерага күлгөн.

“Долбоорго асылууга кабылган кыздардын көптөгөн окуялары маалым. Корккон, уялган кыздар жардам сурай албай, милиция да чакырта алышпайт. Ал эми тик-токерлерге бул күлкүлүү болуп жатат”, — деп белгилеген долбоор.

Студент социалдык тармактын колдонуучуларына кайрылып, видеону “тамаша” катары жарыялаганын билдирди. Ал буга чейин «жакшы контент» гана жаратып келгенин жана мындай абалга биринчи жолу туш болгонун айтып, бул үчүн кечирим сураган.

Количество просмотров: 73