• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Кеминде салыкчылар пара алып жаткан жеринен кармалды

30 Баш оона 2023 11:07 Бишкек Govori.TV

Кеминде салыкчылар пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Ведомствонун маалыматына ылайык, 28-августта КР Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренеси боюнча сотко чейинки өндүрүштүн алкагында иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө 200 миң сом өлчөмүндө пара алып жаткан учурда Кемин районунун салык кызматынын контролдоо жана карыздарды өндүрүү бөлүмүнүн башчысы А.А.Ж., ошондой эле аталган бөлүмдүн инспектору С.А.Т. КР Кылмыш-процессуалдык кодексинин 96-беренеси боюнча кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда УКМК тарабынан башка тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча кошумча ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Количество просмотров: 145