• Шейшемби 14 Бугу 2024
  • Вторник 14 Май 2024

«Кемпир-Абад» боюнча кармалгандардын иши тергелип бүттү

10 Бугу 2023 18:18 Бишкек Govori.TV

«Кемпир-Абад» боюнча кармалгандардын иши тергелип бүттү. Бул тууралуу Govori.TVга адвокат Замир Жоошев билдирди.

Анын айтымында, «Кемпир-Абад» боюнча кармалгандардын иши жакынкы арада Башкы прокуратура аркылуу сот органдарына жиберилет.

«Тергөө тобунун башчысы Улан Жапеков “жума, ишемби күндөрү иш материалдары менен тааныштырып, тергөө аяктаганы жөнүндө жарыялайбыз” деп айтты. Материалдар менен толук таанышып чыгуу үчүн бизге жетиштүү убакыт берилиши зарыл. Андан кийин ишти прокурорго өткөрүп берет. Иш менен таанышкан прокурор туура тергелген деп чечсе, 5 күндүн ичинде сотко жиберет»,-деди Жоошев.

Ошондой эле Жоошев иш май айынын ичинде сотко өтүп кала турганын кошумчалады.

23-октябрда Ички иштер министрлиги «Массалык башаламандык уюштурууга даярдык» деген негизде бир нече саясатчы жана активисттерди кармап, үйлөрүндө тинтүү жүргүзгөн. 20дан ашык оппозициялык саясатчы жана активисттердин 16сы учурда тергөө абагында, айрымдары тергөөнүн өтүнүчү менен, айрымдары саламаттыгына байланыштуу үй камагына чыгарылган.

Кийин кармалгандарга бийликти күч менен басып алуу аракетин уюштурууга даярдык көргөн деген кошумча айып тагылган.

Количество просмотров: 521