Кемпир-Абад иши боюнча камалган Тимур Махмудовдун абалы кескин начарлагандыгына байланыштуу ага Биринчи Май райондук сотунун имаратына Тез жардам кызматы чакыртылды. Бул тууралуу укук коргоочу Азиза Абдирасулова Фейсбук баракчасына жазды.
Анын айтымында, Махмудов өзүн начар сезип жатканын айтып, сотко келүүдөн баш тарткан.
«Аны мажбурлап соттун имаратына кылмыш иш материалдары менен таанышууга алып келишкен, учурда абалы оорлошуп кеткен. Адвокатынын айтуусунда, Махмудов бир нече күндөн бери катуу ооруп жаткан»,-деп жазды ал.
ЖАМК бул боюнча комментарий бере элек.