• Ишенби 4 Бугу 2024
  • Суббота 4 Май 2024

Кемпир-Абад иши: Абактагылар кайрылуу жолдошту

27 Жалган куран 2023 16:26 Бишкек Govori.TV

Бийликти басып алуу максатында массалык баш аламандык уюштурууга аракет кылган деген айып менен Бишкектеги СИЗО-1 абагында жаткан Кемпир-Абад суу сактагычын коргоо комитетинин мүчөлөрү Акыйкатчыга, Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борборуна, укук коргоочу уюмдарга жана ММКларга кайрылуу жолдошту.

Кайрылуунун текстин төмөндө беребиз:

Бийлик жана анын көз каранды укук коргоо органдары, мыйзамсыз камактагы Кемпир-Абадчыларды эркиндиктеринен гана ажыратпастан, квалификациялуу жана адистешкен медициналык кызмат алуудан дагы ажыратып, кыйноолорго дуушар кылууда.

Г. Джурабаева, Т. Мадеминов, Ч. Капаров жана И. Шаменовторго врачтардын көрсөтмөлөрүнө карабастан ооруканага чыгууга уруксат берилбей атат. Ал эми оор операциядан кийин М. Абылов менен К. Сооронкулова реабилитация болбостон, эч кандай шарты жок түрмөгө кайтарылды. Биз мунун баары бийликтин көрсөтмөсү менен жасалып атат деп эсептейбиз.

КР ЖАКтын жетекчилери Кемпир-Абадчылардын оорууларынын далилдерине карабастан, ар кандай шылтоолор менен ооруканага чыгаруудан баш тартышууда.

Кемпир-Абадчыларды, ооруп аткандарына карабастан, көпчүлүк врачтар жана ооруканалар, бийликтин басымынан коркуп кабыл алуудан баш тартышууда, ал эми кабыл алгандар эртерээк, дарылоо бүтпөсө дагы ооруканадан чыгарып коюшууда. 

Ушуга байланыштуу, биз, эгемендүү врачтардан комиссия түзүп, абалы оор Кемпир-Абадчыларды көрүп, жыйынтык чыгарып берүүнү суранабыз.

Эске салсак, Бишкек шаардык соту «Кемпир-Абад иши» боюнча кармалган саясатчы, активист, блогерлерге карата баш коргоо чарасын өзгөртүүнү карап, аларды 20-апрелге чейин абакта кармоо чечимин күчүндө калтырган.

Количество просмотров: 390