• Жума 19 Теке 2024
  • Пятница 19 Июль 2024

Кемпир-Абад иши: Айыпталуучулар процессте эреже бузуулар болуп жатканын айтышты

4 Кулжа 2024 11:10 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 4-июнда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда Кемпир-Абад иши боюнча айыпталып жаткандар кайрылуу жасап, процессте эреже бузуулар болуп жатканын билдиришти.

Алар айыптоо актысы баарына бирдей окулуп калганын жана сот айыпталып жаткан тараптын күбөлөрүнүн көрсөтмө беришине уруксат бербей койгонун айтышты.

Кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына каршы пикирин билдирген 27 саясатчы, активист жана укук коргоочулар 2022-жылы октябрда камалган. Бир тобу үй камагына чыгып, ушул тапта 8 киши тергөө абагында отурат.

Кемпир-Абад иши 2023-жылы июнь айында сотко өтүп, Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө башкармалыгы ага “жашыруун” деген гриф койгон. Милиция Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” жана “Бийликти күч менен басып алуу” беренелери менен айып таккан. Шектүүлөр муну четке кагып, саясий куугунтук катары сыпатташууда. Соттук жараяндар жабык өтүүдө. 

Количество просмотров: 94