• Шаршемби 26 Кулжа 2024
  • Среда 26 Июнь 2024

Кемпир-Абад иши боюнча өкүм чыгарган судья кызматтан кеттиби? Базарбековдун жообу

18 Кулжа 2024 11:46 Бишкек Govori.TV

Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбеков Кемпир-Абад иши боюнча Бишкектин Биринчи май райондук сотунун саясатчылар менен активисттерди актоо чечими тууралуу “Ала-Тоо 24” телеканалына пикирин билдирди.

Ал журналисттин суроосуна жооп берип жатып актоо өкүмүн чыгарган райондук соттун судьясы Марат Сыдыков кызматтан кетүү боюнча арыз жазганы жөнүндө маалыматтарды четке какты:

“Ушундай сөздөрдү мен да интернеттен окуп калдым. Бул туура эмес. Чындыкка жатпайт. Сот ар бир чыгарган чечими үчүн керт башы менен жооп берет. Соттордун ишине эч ким кийлигише албайт. Ал эми экинчи инстанцияда – облустук же шаардык сотто кандай чечим чыгат аны биз билбейбиз. Себеби, ар бир сот өз алдынча чечим кабыл алат”, — деди ал.

14-июнда Бишкектин Биринчи май райондук сотунун судьясы Марат Сыдыков Кемпир-Абад иши боюнча “Массалык башаламандыктар” жана “Бийликти күч менен басып алуу” беренелери менен шек саналган 22 саясатчыны жана активистти актаган.

Количество просмотров: 173