• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Башкы прокурор: Бизде «Кемпир-Абад» деген аталыштагы кылмыш иши жок

31 Үчтүн айы 2024 12:30 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 31-январда Башкы прокурор Курманкул Зулушев маалымат жыйын куруп, журналисттердин суроолоруна жооп берди.

Ал 2022-жылдын октябрь айында жапырт кармалган саясатчы, активисттердин иши боюнча төмөндөгүлөргө токтолду.

«Коомчулукта Кемпир -Абад иши деп айтылып калды. Бирок бизде «Кемпир -Абад» деген аталыштагы кылмыш иши жок. Өткөндө бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында дагы айткам. Ички иштер министрлиги башаламандык уюштурууга даярдык көргөн деген берене менен иш козгоп, сотко жиберди. Күнөөлөрү барбы же жокпу сот аныктайт», — деди ал.

Кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына каршы пикирин билдирген 30га жакын саясатчы, активисттер 2022-жылдын октябрь айында камалган. Ушул тапта кармалган 27 кишинин 11и тергөө абагында отурат. Калгандары үй камагына чыккан.

Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө башкармалыгы ишке “жашыруун” грифин койгон.

Количество просмотров: 93